Түркия Пакистандагы террордук кол салууларды айыптады

Тышкы иштер министрлиги, жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2121157
Түркия Пакистандагы террордук кол салууларды айыптады

Түркия Пакистандагы террордук кол салууларды катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлиги, Пакистандагы акыркы террордук кол салууларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө: «Пакистандагы теракттарды катуу айыптайбыз. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-делди.

Түркиянын «боордош Пакистандын коопсуздугун жана ырааттуулугун колдоону» уланта турганы баса белгиленген билдирүүдө, террор менен күрөшүүдө Түркиянын Пакистан калкынын жанында боло турганы маалымдалды.

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында кытай компаниялары тарабынан ишке ашырылып жаткан Дасу ГЭСинин курулушунда иштеген кытайлык инженерлер менен жумушчуларды ташыган унаа конвоюна 26-марттагы кол салууда 5и кытайлык, бирөө пакистандык 6 киши каза тапкан.



Тектеш кабарлар