Таиландда шаарды басып алган маймылдар чогултулууда

Түштүк Азия өлкөсү Таиланддын  «маймыл шаары» деп да билинген Лопбуриде акыркы жылдары күчөгөн маймыл кризиси уланууда.

2121159
Таиландда  шаарды басып алган маймылдар чогултулууда

Түштүк Азия өлкөсү Таиланддын  «маймыл шаары» деп да билинген Лопбуриде акыркы жылдары күчөгөн маймыл кризиси уланууда.

Аймакта Ковид  - 19 мезгилинде турист санындагы азаюу жана буга байланыштуу ортого чыккан, тамак  - аш үчүн шаарды басып алган маймылдар жергиликтүү калктын күнүмдүк турмушуна тескери таасирин тийгизүүдө. 

Маймылдар шаардын борборундагы үйлөргө, дүкөндөргө тамак издеп кирип, кээде адамдардын сумкаларына, баштыктарына жана тамак-ашына кол салышууда.

Таиланддын Жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрө министрлигинен жасалган билдирүүдө маймылдардын кол салуусуна дуушар болгондорго компенсация төлөнүп, Лопбури шаарынын борборундагы маймылдардын саны акырындык менен азайтыла турганы айтылды.

Билдирүүдөн кийин башталган операцияда Таиланддын улуттук парктары жана жапайы жаратылышты коргоо департаменти (DNP) бөлүмдөрү кечээ Лопбури шаарында маймылдарды чогулта баштады.

Аймактагы жергиликтүү эл маймылдардын айынан көп сандаган чакан ишканалар жана үй-бүлөлөр убакыттын өтүшү менен шаардан көчүп кетүүгө аргасыз болгонун айтышса, социалдык медиадагы «маймылдарга аңчылыкка» каршы чыккан бир топ маймылдардын Лопбури шаарынын символу экендигин жакташууда. 

 



Тектеш кабарлар