Норвегия Израилге Газа тууралуу каршылык көрсөттү

Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги X социалдык медиа платформасында Израилдин чечимине байланыштуу билдирүү жасады

2121005
Норвегия Израилге Газа тууралуу каршылык көрсөттү

Норвегия Израилдин Газага барган азык  - түлүк конвойлоруна тоскоол болушунун "кабыл алынгыс" экендигин билдирди. 

Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги X социалдык медиа платформасында Израилдин чечимине байланыштуу билдирүү жасады.

Тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде : "Израилдин Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам  агенттигинин (UNRWA) азык-түлүк конвойлорунун Газанын түндүгүнө баруусуна уруксат бербөө чечими кабыл алынгыс. Газада ачарчылык босогодо",- деди.

Эйде гуманитардык жардамдын "орчундуу жана шашылыш" экенин, Израилдин Газага  азык - түлүк жардамдарынын өтүшүн камыз кылышы   керектигин баса белгиледи.

Израиль UNRWAнын кээ бир кызматкерлерин Хамастын 7 - октябрдагы кол салууга тиешеси бар деп айыптады жана бул дооматтардан кийин көптөгөн өлкөлөр UNRWAга каржылык колдоосун токтоткон.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш 7 - октябрдагы кол салууларга UNRWA кызматкерлеринин тиешеси бар деген Израилдин расмий өкүлдөрүнүн ырастоолорун тез арада иликтөөнү талап кылган. UNRWA да Израилдин дооматтары боюнча иликтөө баштады.

Европа Биримдиги, Германия, Швейцария, Италия, Канада, Финляндия, Исландия, Австралия, Англия, Нидерландия, АКШ, Франция, Австрия, Румыния, Япония жана Эстония Израилдин дооматтарынан кийин UNRWAга каржылык колдоо көрсөтүүнү убактылуу токтотту. Чечим Норвегия, Дания, Бельгия, Люксембург, Ирландия, Бразилия жана Испания колдоолорун уланта тургандарын жарыялашкан.

Израиль UNRWAга каршы айыптоосун далилдей албагандыктан  Австралия, Канада, Швеция жана Европа Биримдиги өз чечимдерин жокко чыгарып, агенттикти каржылоону уланта тургандарын жарыялашты.

 

 



Тектеш кабарлар