Израилдин тышкы иштер министри: "ХАМАС жеңилүүгө учуратылганга чейин аракеттер улантат"
Исраэль Кац X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Батыш Кудска барган Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок менен узак сүйлөшүү өткөргөнүн кабарлады.
Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац, Газадагы израилдик туткундар кайтарылып, ХАМАС жеңилүүгө учуратылганга чейин "иш-аракеттерин" уланта тургандарын айтты.
Исраэль Кац X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Батыш Кудска барган Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок менен узак сүйлөшүү өткөргөнүн кабарлады.
Жолугушууда Газадагы гуманитардык темаларда жылышка жетишүү үчүн кызматташууну чечкендерин маалымдаган Кац: «Бардык туткундар кайтарылып, ХАМАС жеңилүүгө учуратылганга чейин Израилдин болгон күчү менен ишмердүүлүгүн уланта турганын жарыяладым»,- деди.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок 25-мартта Каирде Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри менен жолугуп, андан кийин Палестинага барып президент Махмуд Аббас жана жаңы премьер-министр Мухаммед Мустафа менен жолугушкан.