Израиль Ливанга кол салды

Израиль аскердик учактарынын Ливандын түштүгүнө жасаган абадан кол салуусунда  7 киши каза болду.

2120851
Израиль Ливанга кол салды

Израиль аскердик учактарынын Ливандын түштүгүнө жасаган абадан кол салуусунда  7 киши каза болду. 

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын кабарына караганда, Ливандагы Жарандык коргонуу уюмунун булактары, Израилдин согуштук учактарынын өлкөнүн түштүгүндөгү Эль - Хаббария шаарындагы Ислам медициналык коомуна көптөгөн ракеталар менен абадан кол салуу жасаганын билдирди.

Булактар кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда  7 кишинин каза болгонун билдирди. 

Израиль армиясынын Ливандын чыгышындагы Бекаа өрөөнүндөгү Хизбуллах буталарына карата абадан кол салуусунда да  2 киши каза болуп, 1 киши жаракат алды. 

Израиль армиясы менен Хизбуллах кыймылынын ортосунда  8 -  октябрдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда  246  Хизбуллах мүчсү, ливандык 50 жаран, Амал кыймылынын  12 мүчөсү, Хамастын  13, Исламдык жихаддын  12  мүчөсү менен израилдик  6 жаран жана  11 аскер каза болду. 

 



Тектеш кабарлар