Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газа тилкесине 173 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2121095
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын элди ачка жана суусуз калтырып жардамдын жетишине да тоскоол болуу менен гуманитардык апаатка алып келген Газа тилкесиндеги кол салууларда каза болгон палестиналыктардын саны 7-октябрдан бери 32 миң 490го жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү жарыясында, Израилдин Газа тилкесине 173 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесине карай акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 76 палестиналыктын каза болгону, 102 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 32 миң 490, жаралуулардын саны 74 миң 889га жеткени билдирилди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кабарланды. 



Тектеш кабарлар