Эммануэль Макрон Бразилияга барды
Эммануэль Макрон кесиптеши Лула да Силва менен Амазонка аймагындагы Белем шаарында жолугушту.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Бразилияга 3 күндүк расмий сапарынын алкагында президент Луис Инасио Лула да Силва менен жолугушту.
Эммануэль Макрон кесиптеши Лула да Силва менен Амазонка аймагындагы Белем шаарында жолугушту.
Макрон Амазонканын эң белгилүү жана эң узак жашаган коргоочуларынын бири катары саналган 92 жаштагы Каяпо уруусунан Раони Метуктиреге "Улуттук орден" ыйгарды.
Бразилиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Силва менен Макрондун Амазонкадагы Гуажара булуңу аркылуу Комбу аралына барары жана ал жердеги какао өнүктүрүү долбоорун карап чыга тургандары белгиленди.
Билдирүүдө Макрондун эртең Рио-де-Жанейродо эки өлкөдөн 200 ишкер менен жолугушуп, андан соң Сан-Паулуга бара турганы кабарланды.
Франциянын президенти Макрондун 28-мартта болсо борбор калаа Бразилияда Лула да Силва тарабынан мамлекеттик салтанат менен тосуп алынары маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.