Пакистандагы кагылышуу

Пакистан армиясынын коомчулук менен байланыштар бөлүмү билдирүү жасады.

2120485
Пакистандагы кагылышуу

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясына караштуу Шангла аймагында болгон бомбалуу кол салууда 5и кытайлык 6 киши каза тапты.

Шангла полициясынын кызматкери Бахат Захир, кол салуунун жардыргыч затка толгон унаанын башка унаага урунуусу менен жасалганын билдирди.

Захир, кол салууда унаадагы айдоочу менен бирге 5 кытайлык жүргүнчүнүн каза болгонун маалымдады.

Бир тараптан Пакистандын Белужистан провинциясындагы деңиз базасына кол салуу аракетинен кийин чыккан кагылышууда бир аскер каза болду.

Dawn гезитиндеги кабарга караганда, Пакистан армиясынын коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн (ISPR) жазуу түрүндөгү маалыматында, Белужистандын Турбат аймагында деңиз базасына кол салуу аракети болгону билдирилди.

Билдирүүдө кол салуу аракетинен кийин коопсуздук күчтөрүнүн жооп кайтаруу үчүн дароо чара көргөнү жана окуя болгон жерде жаңжал чыкканы белгиленди.

Кагылышууда 1 аскердин каза тапканы, 4 кол салуучунун өлтүрүлгөндүгү кабарланган билдирүүдө, кол салгандардын кирүү аракетине коопсуздук күчтөрү тарабынан бөгөт коюлганы маалымдалды.

Бир тараптан жикчил Белужистан боштондук армиясы (BLA) жергиликтүү медиага билдирүү жасап, кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.



Тектеш кабарлар