Моквада каза болгондордун саны көбөйүүдө

Жума күнү кечинде Россиянын борбор шаары Москвадагы концерттик залда болгон теракттан каза болгондордун саны 139га жетти.

2120257
Моквада каза болгондордун саны көбөйүүдө

Жума күнү кечинде Россиянын борбор шаары Москвадагы концерттик залда болгон теракттан каза болгондордун саны 139га жетти.

Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрикин Россиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда теракт талкууланган жыйында сөз сүйлөдү.

Террорчулардын  концерттик залга (Түркия убактысы боюнча саат 19:58де) кирип, 20.11де имараттан чыкканын белгилеген Бастрыкин, колго түшкөн кол салуучулардын кылмыштарын мойнуна алганын айтты.

Бастрыкин : «Кол салуудан 139 киши каза болуп, 75инин өздүгү такталды. Каза болгондордун арасында үч бала бар», - деди.

Александр Бастрыкин кол салууда 182 кишинин жараланганын айтты.

Ошол эле учурда терактка байланыштуу дагы 1 адам кармалды.

Басманный райондук сотунда 22-март күнү кечинде болгон терактка байланыштуу кармалган 11 шектүүнүн бири сот алдына  чыгарылды.

«Уюшкан топтун мүчөсү катары адам өлүмүнө алып келген теракт жасаган» деп айыпталган шектүүнү 22-майга чейин абакта кармоо чечими чыгарылды.

Ушундайча кармалган  11 шектүүдөн 8 киши камакка алынды.

22 - март күнү кечинде борбор шаар Москвадагы концерттик залда теракт болду.

Социалдык медиада бөлүшүлгөн сүрөттөрдө кол салгандардын залда автоматтар менен туш келди ок аткандыгы байкалды.

Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ моюнга алып, 7 киши камакка алынды.

 

 



Тектеш кабарлар