Израилдин тышкы иштер министрлиги : "Ок атууну токтотпойбуз"
Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинин ар кайсы жерлерине кургактан, абадан жана деңизден 32 миң кишинин өлүмүнө себеп болгон кол салуулары 172 - күнүндө да уланууда.
2120323
Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац БУУнун Коопсуздук Кеңешинин рамазан айында Газада ок атпоо чечимине карабастан : "Израиль ок атууну токтотпойт. Хамасты жок кылабыз",- деди.
Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинин ар кайсы жерлерине кургактан, абадан жана деңизден 32 миң кишинин өлүмүнө себеп болгон кол салуулары 172 - күнүндө да уланууда.
Аймакта чыңалуунун басаңдашы үчүн кечээ маанилүү кадам ташталды жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 9 - апрелде аяктай турган Рамазан айында Газада ок атышпоо чечимин чыгарды.
Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө ок атышпоо чечимине баа берди.
Министр Кац : "Израиль ок атууну токтотпойт. Биз Хамасты жок кылабыз жана акыркы (израилдик) туткун кайтып келгенге чейин күрөшөбүз",- деди.