Ericsson 1200  кишини жумуштан чыгарарын жарыялады

Швециялык телекоммуникациялык жабдууларын өндүрүүчү Ericsson Швецияда буйрутмалардын азайышынан улам 1200  кишини жумуштан чыгарарын жарыялады.

2120497
Ericsson  1200  кишини жумуштан чыгарарын жарыялады

Швециялык телекоммуникациялык жабдууларын өндүрүүчү Ericsson Швецияда буйрутмалардын азайышынан улам 1200  кишини жумуштан чыгарарын жарыялады.

Компаниянын билдирүүсүндө, Ericssonдун глобалдык чыгымдарды азайтуу планынын алкагында персонал санын азайтып, маанилүү инвестицияларды сактай турганы белгиленди.

Операциялардын  эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча демилгелердин 2024 - жылга чейин улана турганы баса белгиленген билдирүүдө :  «Учурда уланып жаткан глобалдык демилгелердин бир бөлүгү катары Ericsson Швецияда болжол менен 1200 адамды жумуштан бошотот»,- деп айтылды.

Билдирүүдө 2024 -  жылы  уюлдук түйүн рыногунун татаалдыгы жана кардарлардын этият болушуна байланыштуу буйрутмалардын көлөмүнүн дагы азайышы күтүлүп жаткандыгы маалымдалды. Фирма 2023 -  жылдын башында да чыгымдарды азайтуу планынын бир бөлүгү катары дүйнөлүк масштабда 8 миң  500 кишинин жумуштан бошото тургандыгын жарыялаган жана ушунун негизинде Швецияда  1400 жумушчу иштен чыгарылган.

 



Тектеш кабарлар