Иордания Газанын түндүгүнө абадан гуманитардык жардам таштады

Иордания армиясынан темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

2120097
Иордания Газанын түндүгүнө абадан гуманитардык жардам таштады

Иордания Египет, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), АКШ, Германия, Сингапур жана Улуу Британиянын катышуусу менен Газа тилкесинин түндүгүнө абадан жардам таштоо операциясын жүргүзгөнүн жарыялады.

Иордания армиясынан темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө Газа тилкесинин түндүгүнө 8 учак менен абадан жардам түшүрүү операциясы жасалганы, операциялардын Иордания, Египет, БАЭ, Германия, Сингапур жана Улуу Британиядан бирден учактын, ал эми АКШдан 2 учактын катышуусу менен жүргүзүлгөнү белгиленди.

Англиянын Иордания куралдуу күчтөрү менен абадан жардам операциясына биринчи жолу катышканы белгиленди.

Иордания кечээ 4 өлкөнүн катышуусу менен Газанын түндүгүнө абадан жардамдарды таштаганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар