Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газа тилкесине 171 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2119995
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын жардамдардын жеткирилишине тоскоол болуп гуманитардык апаатка алып келген Газа тилкесине кол салууларында акыркы 10 күндө дагы 843 палестиналык каза тапты.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 171 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 сааттагы кол салууларында 107 кишинин каза болгону, 176 кишинин жараланганы белгиленди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 32 миң 333кө, жаралуулардын саны 74 миң 694кө жеткени кабарланды.


Этикеткалар: #Израиль күчтөрүнүн

Тектеш кабарлар