Бельгияда ПКК провокациясы

Бельгиянын Лимбург аймагынын Хойсден-Золдер районунда жикчил террордук уюм ПКК жактоочуларынын провокациясына түрк тектүү жарандар каршылык көрсөтүштү.

2119718
Бельгияда ПКК провокациясы

Бельгиянын Лимбург аймагынын Хойсден-Золдер районунда жикчил террордук уюм ПКК жактоочуларынын провокациясына түрк тектүү жарандар каршылык көрсөтүштү.

Борбор калаа Брюсселден бир сааттай алыстыкта ​​жайгашкан Хойсден-Золдерде Неврузга байланыштуу делген майрамдан кайтып келген ПКК тарапкерлери унааларына жикчил террор уюму ПККны символдоштурган чүпүрөктөрдү жана уюмдун лидеринин плакаттарын илип жүрүштү.

ПКК тарапкерлери ураан чакырып, түрк тектүү жарандар топтолгон көчөдөн өтүштү. Түрктөр бул топко каршылык көрсөтүштү. Ушундан кийин мушташ чыгып кетти.

Кээ бир унаалар өрттөлгөн окуя болгон жерге көп сандаган полиция тобу жөнөтүлдү.

Окуялар жайылган Хутхален-Хелхтерен районунда полиция топко басымдуу суу менен кийлигишти.

Хутхален-Хелхтерен шаарынын мэри Ален Йзерманс жергиликтүү басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, окуялардын ПКК тарапкерлеринин конвой аркылуу өтүшү учурунда бир түрк жигити кол салууга дуушар болушунун натыйжасында башталганын жана анын социалдык медиада ылдам жайылышынан кийин күчөгөнүн түшүндүрдү.

Полиция кызматкерлери аймакта кыраакы болуп, эртең мененкиге чейин күзөттө болушту.



Тектеш кабарлар