Бедран: «Газадагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүндөгү көйгөй туткундар менен байланыштуу эмес»

Бедран жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Газа тилкесиндеги кол салууларды токтотуу, ошондой эле гуманитардык жардамдарды жеткирүү, жер которгон жарандардын кайтып келүүсү жана кайра куруу үчүн так пландын алар үчүн биринчи кезектеги маселе экенин белгиледи.

2120090
Бедран: «Газадагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүндөгү көйгөй туткундар менен байланыштуу эмес»

Хамастын саясий бюро мүчөсү Хусам Бедран Газадагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүндөгү көйгөйдүн туткундар менен байланыштуу эместигин, тескерисинче Израилдин негизги темаларда кепилдик берүүгө даяр эмес экенин айтты.

Бедран жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Газа тилкесиндеги кол салууларды токтотуу, ошондой эле гуманитардык жардамдарды жеткирүү, жер которгон жарандардын кайтып келүүсү жана кайра куруу үчүн так пландын алар үчүн биринчи кезектеги маселе экенин белгиледи.

Хамастын приоритетинин Израилдин туткундарын бошотуу менен эле чектелбестигин баса белгилеген Бедран: «Маселенин туткундар жана алардын саны менен эч кандай байланышы жок. Бирок маселе оккупанттын Газадагы адамдардын жашоосуна байланыштуу фундаменталдуу маселелер боюнча ортомчуларга эч кандай кепилдик берүүнү каалабагандыгында»,-деп айтты.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун келишим түзүлүшүн каалабагандыгын жана коопсуздугун да, саясий жактан да ийгиликсиздигин жаап-жашыруу үчүн элин алдап жатканын белгилеген Бедран, Хамастын АКШны арачы эмес, согуштук жана саясий колдоосу менен Израилдин негизги өнөктөшү катары көргөнүн баса белгиледи.

Газада ок атышпоонун ишке ашпай калышынын себебинин АКШ экенин белгилеген Бедран Палестина элинин күчтүү каршылыгы менен сүйлөшүүлөрдө күчтүү көзүрлөргө ээ болгондорун айтты.

Нетаньяхунун Газадагы Хамастын лидери Яхья Синварды колго түшүрөбүз деген сөзүнө көңүл бурбагандарын баса белгилеген Бедран: «Палестина элинин атынан сүйлөшүүлөргө катыштык жана Хамас лидерлерин кызыктырган маселелерге аралашкан жокпуз»,-деди.

Израилдин Улуттук чалгындоо агенттигинин (Моссад) директору Дэвид Барнеа баштаган Израиль делегациясы, АКШнын Тышкы чалгындоо агенттигинин (СIA) директору Билл Бернс менен бир убакта Египет жана Катардын арачылыгы менен 22-мартта Хамас менен Газада ок атышпоо жана туткун алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Дохага барган.  



Тектеш кабарлар