Орусия Украинанын борбор шаары Киев менен өлкөнүн батышындагы Львов шаарына абадан сокку урду

Бир тараптан Украина армиясынын Орусия аннексиялаган Крым жарым аралына катуу ракеталык чабуул жасаганы кабарланды.

2119329
Орусия Украинанын борбор шаары Киев менен өлкөнүн батышындагы Львов шаарына абадан сокку урду

Орусия Украинанын борбор шаары Киев менен өлкөнүн батышындагы Львов шаарына абадан сокку урду.

Кол салуудан улам Киевде сиреналар кагылып, миңдеген адамдар баш калкалады.

Киевде абадан коргонуу системалары ишке киргизилди. Көптөгөн ракетанын таасирсиз абалга келтирилгени жана көп жерде жарылуулар болгондугу белгиленди.

Өлкөнүн батышындагы Львов шаарын бутага алуу менен Польша согуштук учактарын күжүрмөн даярдыкка келтирди.

Украинанын аба күчтөрү орустардын да Украинанын Одесса жана Николаев аймактарына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салганын жарыялады.

Бир тараптан Украина армиясынын Орусия аннексиялаган Крым жарым аралына катуу ракеталык чабуул жасаганы кабарланды.

Севастополдун губернатору Михаил Развожаев шаарда бардык абадан коргонуу системалары иштеп жатканын билдирди.

Губернатор орус армиясынын 10дон ашык украин ракетасын абада жок кылганын, 1 бала жана 1 аялдын жараланганын белгиледи.

Крым көпүрөсүнүн бир канча убакытка жабылганы да айтылды.

Орусиянын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Украинанын көп стволдуу ракета аткычтар менен Орусия аймагындагы буталарга карата «террордук кол салуу» аракетинин алдын алынганы белгиленди.

Белгород облусунда 19 ракета жок кылынганы белгиленди.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевди НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.



Тектеш кабарлар