Орусия Украинада чет элдик куралдарды атты

Орусиянын Коргоо министрлиги орус армиясынын Украинадагы аракеттерине байланыштуу билдирүү жасады.

2119524
Орусия Украинада чет элдик куралдарды атты

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада түн ичинде энергетика борборлоруна, капитансыз деңиз унааларын чыгаруучу цехтерге жана чет элдик курал-жарактар ​​жайгашкан жерлерге жогорку тактыктагы ракеталар менен чабуул коюшканын билдирди.

Министрлик орус армиясынын Украинадагы аракеттерине байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө Украинадагы буталар түнү бою аткыланганы ортого салынып: «Орус Аэрокосмикалык күчтөрү бүгүн түнү электр станцияларына, газ өнөр жайына, капитансыз деңиз унааларын чогултуу жана сыноо аянтчаларына абадан учурулган узак аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен топтук чабуул жасады»,делди.

Кол салуудан улам курал-жарак, аскердик техника жана ок-дарыларды чыгарган жана оңдогон өнөр жай ишканаларынын ишинин үзгүлтүккө учураганы белгиленген билдирүүдө : «НАТО өлкөлөрү тарабынан Украинага өткөрүлүп берилген чет элдик өндүрүштүк аскердик техника жана курал-жарактар ​​да жок кылынды. Бүт чабуул максатына жетти», деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар