АКШлыктар Трамптын тышкы соода саясатын тандоодо

YouGov изилдөө компаниясы жүргүзгөн сурамжылоодо 1000 америкалыкка Байден менен Трамптын тышкы соода саясаттары тууралуу суроо берилди.

2119254
АКШлыктар Трамптын тышкы соода саясатын тандоодо

Америкалыктардын 42 пайызы азыркы президент Жо Байденге караганда мурдагы президент Дональд Трамптын тышкы соода саясатын тандашууда.

YouGov изилдөө компаниясы жүргүзгөн сурамжылоодо 1000 америкалыкка Байден менен Трамптын тышкы соода саясаттары тууралуу суроо берилди.

Сурамжылоонун жайынтыгында катышуучулардын 42 пайызынын Трамптын тышкы соодага карата көз карашын жактыргандыгы белгиленип, Байденди колдогондордун катнашы  31 пайыз экендиги билдирилди. 

Катышуучулардын 44 пайызынын Трамптын күнүмдүк салыктарын арттырарын ойлогон сурамжылоодо 29 пайызынын Байдендин салыктарды ошол бойдон калтырары тууралуу көз карашта экендиги айтылды. 

Трамптын Кытайдан келген продукциялардын бажы салыгын 60 пайызга көбөйтө тургандыгы тууралуу суроого катышуучулардын  38 пайызы бул аракетти колдогондугун айтса, 35 пайызы да каршы экендигин билдирди. 

Бир тараптан катышуучулардын 42 пайызы Кытай менен "соода согушунда" АКШнын дагы жаман таасирленерин белгилеп, 30 пайызы да Кытайдын терс таасирленерин ойлоп жатат. 

 



Тектеш кабарлар