Орусия-Украина согушу
Песков орусиялык «Аргументы и факты» гезитине берген маалыматында Украинада 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан согушка байланыштуу билдирүү жасады.
Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттеринин «атайын аскердик операция» катары башталганын, бирок азыр «согуш абалында» экенин айтты.
Песков орусиялык «Аргументы и факты» гезитине берген маалыматында, Украинада 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан согушка байланыштуу билдирүү жасады.
Орусиянын Украинада баштаган аскердик иш-аракеттеринин абалынын убакыттын өтүшү менен өзгөргөнүн белгилеген Песков: «Ооба, бул атайын аскердик операция катары башталган»,-деди.
Процесстин андан соң согушка айланганын билдирген Песков: «Азыр согуш абалындабыз. Жамааттык Батыш буга Украина тараптан кошулганда бул биз үчүн согуш болуп калды. Ар ким өзүнүн ички мобилизациясы үчүн муну түшүнүшү керек»,-деп айтты.