Ооганстандагы жанкечтилик кол салуу

Кабул банкынын Кандагар филиалында кечээ эртең менен жанкечтилик кол салуу болгон.

2118592
Ооганстандагы жанкечтилик кол салуу

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында кечээ эртең менен болгон жанкечтилик кол салуудан каза тапкандардын саны 26га жетти.

Би-Би-Синин провинциядагы эң чоң ооруканалардын бири Мирвейс ооруканасында иштеген дарыгерге таянып берген кабарына караганда, каза болгондордун саны 26га, жаракат алгандардын саны 38ге жетти.

Кабул банкынын Кандагар филиалында эртең менен жанкечтилик кол салуу болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Ооган басылмаларынын маалыматына караганда, жанкечтилик кол салуу мамлекеттик кызматкерлер айлык алуу үчүн банкта кезекте турган учурда болду.

2021-жылдын августунда талибдер Ооганстанды басып алгандан бери өлкөдө коопсуздук жаатында жылыштар болгонуна карабастан маал-маалы менен кандуу кол салуулар жасалууда.

Маанилүү бөлүгү шиит хазараларга карата жасалган кол салуулардын көбүнүн жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ өзүнө алган.



Тектеш кабарлар