Нигерияда ласса ысытмасынан 219 адам каза болду

Ласса ысытмасы биринчи жолу Нигерияда 1969 - жылы түндүк - чыгыштагы Борно штатында пайда болгон.

2118847
Нигерияда  ласса ысытмасынан  219 адам каза болду

Нигерияда ласса ысытмасынан бир жумада 20 адам каза болду.

Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) билдирүүсүндө, 25-февралдан 3-мартка чейин ласса ысытмасы эпидемиясынын 16 штатка жайылганы белгиленди.

Билдирүүдө бул мезгилде 109 учур катталып, 20 адамдын каза болгону билдирилди.

Өткөн жылы өлкөдө 1170 ласса ысытмасы аныкталып, 219 адам каза болгон.

Нигерия өкмөтү 2023-жылдын февраль айында Ласса ысытмасынын чыгышына байланыштуу "өзгөчө абал" жарыялаган.

Ласса ысытмасы биринчи жолу Нигерияда 1969 - жылы түндүк - чыгыштагы Борно штатында пайда болгон.

Чычкандын заңы менен жугуучу оору адамдан адамга жугушу мүмкүн жана өлүмгө алып келген геморрагиялык ысытманы пайда кылат.

 

 

 



Тектеш кабарлар