Блинкен «Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына кол салуунун жаңылыш болорун» түшүндүрөт

Жакынкы Чыгыш турунун негизинде Египеттин борбор шаары Каирге барган Энтони Блинкен кесиптеши Самих Шукри менен жолугушту.

2118907
Блинкен «Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына кол салуунун жаңылыш болорун» түшүндүрөт

АКШнын мамлекеттик  катчыcы Энтони Блинкен Израилге жасаган сапарында жетекчилерге «Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына кол салуунун жаңылыш болорун» түшүндүрөрүн айтты.
Жакынкы Чыгыш турунун негизинде Египеттин борбор шаары Каирге барган Энтони Блинкен кесиптеши Самих Шукри менен жолугушту.

Газадагы абалдар каралган сүйлөшүүдөн кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында Блинкен Газада ок атышпоонун түзүлүшүнүн «кыйын бирок мүмкүн» экендигин белгиледи.

Рафахтагы жарандардын Израиль кол сала турган болсо  бара турган жерлеринин жок экендигин белгилеген Блинкен Рафахка кургактыктан чоң операция жүргүзбөстөн хамас менен маселени чечүүгө боло тургандыгын айтты.

Блинкен Израилде жетекчилер менен сүйлөшүп, Рафахка карата кол салуунун жаңылыштык болорун айтарын белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы : «Биздин баа берүүбүзгө караганда Израиль  -  Палестина кагылышуусунун акырына чыгышы Палестина мамлекетинин курулушуна жана Израилдин коопсуздугун кепилдикке алууну камтууда»,- деди.

Блинкен Израилдин Газага кол салуулары башталган  7 -  октябрдан бери аймакка  6 -  жолу сапар менен барды. Жакынкы Чыгыш турун кечээ Сауд Арабия менен баштаган Блинкендин экинчи аялдамасы Египеттен кийин Израилге барышы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар