Иракта сел жүрдү

Иракта нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон сел жүрүп, селде 4 киши каза болуп, 8 шаарда эс алуу  жарыяланды.

2118276
Иракта сел жүрдү

Иракта нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон сел жүрүп, селде 4 киши каза болуп, 8 шаарда эс алуу  жарыяланды.

Ирактын түндүгүндө 2 күндөн берин катуу жааган жамгыр күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизүүдө.

Аба ырайынын начардыгынан улам Багдад, Эрбил, Духок, Керкүк, Мусул, Васит, Анбар жана Диялада расмий  эс алуу жарыяланды.  Губернаторлуктардан берилген билдирүүдө эс алуунун  муниципалдык мекемелер менен күч түзүмдөрүн камтыбаганы айтылды.

Сел апаатынан эң көп жабыркаган Духок шаарында каза болгондордун саны 2ден 4кө жеткени белгиленди.

Духок Жарандык коргоо директорлугунун басма сөз катчысы полковник Бивар Абдулазиз  билдирүүсүндө селден улам  жараланган бир кишинин  алып барылган  ооруканада куткарыла  албагандыгы, 15 жаштагы бир  баланын токко урунуп каза болгонун айтты.

Өлкөнүн түштүгүндө да катуу жамгыр жаашынын таасирдүү болгондугу белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар