АКШ Йемендеги Иран колдогон хуситтерге таандык учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн билдирди

Кол салуулар тууралуу билдирүү АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) социалдык медиа платформасы X эсебинен берилди.

2118373
АКШ Йемендеги Иран колдогон хуситтерге таандык учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн билдирди

АКШ Йемендеги Иран колдогон хуситтерге таандык учкучсуз учуучу аппараты жана бир капитансыз деңиз унаасын «өзүн-өзү коргоонун алкагында» жок кылынганын билдирди.

Кол салуулар тууралуу билдирүү АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) социалдык медиа платформасы X эсебинен берилди.

Билдирүүдө коалиция күчтөрүнүн Кызыл деңизде хуситтерге таандык бир учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнү, бир капитансыз деңиз унаасынын да АКШ тарабынан таасирсиз абалга келтирилгени белгиленди.

АКШга таандык  унааларда эч кандай зыяндын болбогону белгиленген билдирүүдө : «Бул кыймылдар навигация эркиндигин коргоо жана эл аралык сууларды АКШнын деңиз күчтөрү жана соода кемелери үчүн коопсуз кылуу үчүн жасалууда»,-деп айтылды.

Йемендеги хуситтер Ирандын колдоосу менен Израилдин Газадагы кол салууларына реакция катары 31-октябрдан бери Йемендин жээктеринде израилдик компаниялар менен байланышы бар коммерциялык кемелерди басып алып, айрымдарына учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен кол салууда.

Хуситтердин аракеттеринен кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотуу чечимин чыгарышты.​​

АКШ глобалдык деңиз соодасы коопсуздугу коркунучта деген негиз менен 2023-жылдын 18-декабрында бир топ өлкөнүн катышуусу менен хуси күчтөрүнө каршы «Рефтин сакчысы» аттуу көп улуттуу «деңиз жумушчу тобунун» түзүлгөнүн жарыялады.

Европа Биримдиги  Кызыл деңизде навигация коопсуздугу үчүн Аспидес миссиясын 19-февралда баштап,  Италия да 5-мартта парламенттин чечими менен бул миссияга кошулуп, тактикалык башкарууну өзүнө алды.

 



Тектеш кабарлар