Нигерияда террористтерге каршы операция жүргүзүлдү

Нигериянын Аба күчтөрүнүн (NAF) басма сөз катчысы Эдвард Габквет, Замфара жана Нигер провинцияларында абадан жүргүзүлгөн операциясында көп сандаган террористтин таасирсиз кылынганын билдирди.

2117585
Нигерияда террористтерге каршы операция жүргүзүлдү

Нигерия армиясы Замфара жана Нигер провинцияларында абадан жүргүзүлгөн операциясында көп сандаган террористтин таасирсиз кылынганын билдирди.

Нигериянын Аба күчтөрүнүн (NAF) басма сөз катчысы Эдвард Габквет, террордук уюм ДЕАШтын Батыш Африка бутагы ISWAP активдүү болгон Замфара провинциясындагы Качалла Дамина жана Нигер провинциясындагы Палеле аймактарында абадан операциялардын жүргүзүлгөнүн билдирди.

Габквет операцияларда бир тобунун лидери да болгон көп сандаган террористтин өлтүрүлгөнүн, көп сандаган террористтин жараланганын белгиледи.

Террористтердин баш калкалаган лагерлери жана логистикалык кампалары жок кылынганын белгилеген Габквет, террористтерге таандык көп сандаган курал жана ок-дарылардын колго түшүрүлгөнү тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Нигерия акыркы убакта өлкөнүн ар кайсы аймактарында куралдуу бандалардын, ошондой эле Боко Харам жана ISWAP террордук уюмдарынын кол салууларына туш болууда.



Тектеш кабарлар