Нетаньяху Рефахка кургактык операциясын жүргүзүүгө фракциялар каршы чыгып жатканын айтты

Бул тууралуу Уолланын кабарында маалымат орун алды.

2117578
Нетаньяху Рефахка кургактык операциясын жүргүзүүгө фракциялар каршы чыгып жатканын айтты

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху, Газа тилкесиндеги кол салуулардан качкан 1,5 миллионго жакын киши баш калкалаган түштүктөгү Рефах шаарына карай күтүлүп жаткан кургактык операциясынын алдын алуу үчүн өлкөсүндөгү фракциялардын АКШ  менен кызматташканын айтты.

Уолланын кабарына караганда, Беньямин Нетаньяху Тышкы иштер жана коопсуздук комитетиндеги жеке жолугушууда Израилдеги айрым актерлор «Хамаска каршы жеңишке» бөгөт коюуга аракет кылып жатканын жүйө келтирип:«Израильдеги фракциялар Израилдин Рефахтагы (кургактык) операциясын болтурбоо үчүн АКШ менен кызматташып жатышат»,-деди.

Хамаска каршы үгүт иштерин жүргүзүп жатышканын жана Рефахка кол салуудан башка жол жок экенин айткан Нетаньяху АКШнын каршылыгынын себебинин анын Палестина мамлекетинин курулушуна тоскоол болушу экенин айтты.

АКШ менен «Хамасты жок кылуу эмес, кургактык операциясы менен Рефахка кирүү боюнча» пикир келишпестик бар экенин белгилеген Беньямин Нетаньяху : «Калган батальондорду жок кылбастан Хамастын аскердик жактан жок кылуунун башка жолун көрбөй жатабыз. Муну жасоого чечкиндүүбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар