Хамас гуманитардык жардам ташыган топторго Израилдин кол салуусун айыптады

Хамастын жазуу түрүндөгү жарыясында Израиль армиясынын Газа тилкесинин борборунан түндүгүнө чейин гуманитардык жардамды коштогон жергиликтүү топторду бутага алуусу Израилдин садизмин көрсөткөн кошумча далил болгону белгиленди.

2117610
Хамас гуманитардык жардам ташыган топторго Израилдин кол салуусун айыптады

Палестиналык каршылык көрсөтүү уюму Хамас, Израиль армиясынын жер басып алуусун уланткан Газа тилкесинин борборунан түндүгүнө чейин гуманитардык жардамды коштоп бараткан жергиликтүү топторду бутага алуусун «Израилдин палестиналыктарды Газадан чыгарууну максат кылган садизминин далили» деп мүнөздөдү.

Хамастын жазуу түрүндөгү жарыясында Израиль армиясынын Газа тилкесинин борборунан түндүгүнө чейин гуманитардык жардамды коштогон жергиликтүү топторду бутага алуусу Израилдин садизмин көрсөткөн кошумча далил болгону белгиленди.

Билдирүүдө Израилдин Палестина калкын өз жерлеринен сүрүп чыгаруу боюнча «чыккынчылык планын» ишке ашыруу үчүн жардамдарды уюштурган жана тараткан ар кандай жергиликтүү же улуттук уруулук түзүлүшкө кол салуу менен башаламандык жана коопсуздук хаосун жайылтууну максат кылганы белгиленди.

Хамастын билдирүүсүндө, Израилдин кандуу кол салууларынын көбөйүшүнүн Палестина элинин, урууларынын жана бардык күчтөрүнүн эркин сындыра албай турганы, чечкиндүүлүктөрүн солкулдатпай турганы, «канкор душман» катары мүнөздөлгөн Израилге жана анын пландарына тоскоол болуу үчүн биргелешип алдыга жыла тургандары белгиленди.

Билдирүүдө, бүткүл дүйнөнүн көз алдында ишке ашырылган жапайы бомбалоолор жана ачкачылык куралы менен Палестина элин кырууну улантып жаткан Израилди ооздуктоо үчүн эл аралык коомчулук менен бардык эл аралык жана аймактык уюмдарды мыйзамдык жана моралдык жоопкерчиликтерин аткарууга чакырды.

Кечээ Израиль армиясы жер басып алуусун улантып жаткан Газа тилкесинин борборунан түндүгүнө чейин гуманитардык жардамды коштогон жергиликтүү топторду бутага алган кол салууда 23 палестиналыкты набыт кылды.

Израиль армиясынын 14-мартта Газа тилкесинин Кувейт түйүнүнө жакын жерде гуманитардык жүк ташыган унааларды күткөн палестиналыктарды бутага алышынын натыйжасында 20 киши каза болуп, 155тен ашуун киши жараланган.

Ушундай эле 29-февралда Газа шаарынын түштүгүндөгү Газа тилкесин түндүктөн түштүккө байланыштырган Рашид көчөсүндөгү Наблуси кесилишинде гуманитардык жардам күткөн палестиналыктарга кол салууда 118 киши каза болуп, 760 киши жараланган.



Тектеш кабарлар