Канада Израилге курал сатпайт

Израиль бул чечимге катуу каршылык көрсөтүп : «Тарых  Канаданын азыркы аракеттерин катуу териштирет»,-деп билдирди.

2117962
Канада Израилге курал сатпайт

Канада Израилге  курал сатууну токтоторун билдирди.

Израиль бул чечимге катуу каршылык көрсөтүп : «Тарых  Канаданын азыркы аракеттерин катуу териштирет»,-деп билдирди.

Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли өкмөттүн Израилге курал сатууну токтоторун билдирди.

"Торонто Стар" гезитине маалымат берген Жоли, Палестина боюнча Общиналар палатасы тарабынан кабыл алынган сунуштун баш ийдирүүчү болбогонуна карабастан, өкмөттүн эми «Израилге курал экспортун токтото турганын» айтты.

Аскердик товарларды жана технология экспорту үчүн уруксаттарды бекитүү жана четке кагуу ыйгарым укугу бар министр Жоли, бул өзгөрүүнүн «символдук бойдон калбай турганын» жана маанилүү экенин баса белгиледи.

Оңдоолор камтылган сунушта : «Палестина мамлекетинин таанылуусу» деген сөз «Палестина мамлекетинин курулушунун колдоого алынышы», Израилге карата курал сатуулар тууралуу бөлүмдө орун алган «токтотуу» сөзү «токтотуу же тыюу салуу» деп өзгөртүлдү.

Тышкы иштер министри Жоли Израилге аскердик материал жана технология экспортуна байланыштуу экспорт уруксаттарын  8 -  январдан тарта убактылуу токтоткон.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац болсо чечимден улам Канадага каршылык көрсөттү.

«Канада өкмөтүнүн кары  - картаңдар, аялдар жана балдар да болгон күнөөсүз израилдиктерге жана адамзатка каршы коркунучтуу кылмыштарды кылган Хамас канкорлорунун алдында Израилдин мыйзамдуу коргонуу укугун тебелеген бул кадамды таштоосунан улам капалуумун»,- деген Кац : «Тарых Канаданын учурдагы кыймылдарын катуу териштирет»,- деди.

 



Тектеш кабарлар