Индонезияда кеме чөктү

Индонезиянын Аче аймагындагы Куала  - Бубон жээгине жакын жерде аракандык мусулмандарды ташыган кеме оодарылды.

2117996
Индонезияда кеме чөктү

Индонезиянын Аче аймагындагы Куала  - Бубон жээгине жакын жерде аракандык мусулмандарды ташыган кеме оодарылды.

Куала  - Бубондогу балыкчылар жээктен  16 миль аралыкта оодарылган кемеге кийлигишүүсү менен  6 аракандык мусулман куткарылды.

Куткарылган 6 киши убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды.  Каза  болгон, жараланган жана дайынсыз жоголгон аракандык мусулмандардын саны белгисиз.

Мьянманын Аракан штатында  2012 -  жылы буддисттер менен мусулмандардын ортосунда чыккан кагылышууларда  көпчүлүгү мусулман болгон миңдеген киши өлтүрүлүп, жүздөгөн үй жана иш жери өрттөлгөн.

2017 -  жылы  25 -  августта Аракандагы чек ара пункттарына бир убакта жасалган кол салууларды негиз кылып көрсөткөн Мьянма армиясы жана буддист улутчулдардын  зомбулугунан качкан  1 миллионго жакын киши коңшу өлкө Бангладешке баш калкалаган.

Учурда Бангладеште 1,2 миллиондон ашык аракандык мусулман качкын бар.



Тектеш кабарлар