Бириккен Араб Эмирликтери Газага деңиз жолу менен биринчи жардам операциясын аяктады

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Дүйнөлүк азык - түлүк программасынын конвою менен биргеликте кечээ эртең менен Газанын түндүгүнө көп сандагы жардамдын жеткирилгени белгиленди.

2117874
Бириккен Араб Эмирликтери  Газага деңиз жолу менен биринчи жардам операциясын аяктады

Бириккен Араб Эмирликтери   Газа тилкесинин түндүгүнө деңиз аркылуу биринчи жардам жеткирүү операциясынын 19 - март күнү эртең менен аяктаганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Дүйнөлүк азык - түлүк программасынын конвою менен биргеликте кечээ эртең менен Газанын түндүгүнө көп сандагы жардамдын жеткирилгени белгиленди.

Биринчи деңиз өткөрүүсүндө  200 тонна күрүч, ун жана протеин ташылгандыгы белгиленген билдирүүдө Кипр рум башкаруусунун Ларнака портунан Газага  240 тонналык жардам ташыган экинчи жардам кемесинин да даярдангандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Бириккен Араб Эмирликтеринин Газа тилкесине жардам көрсөтүү үчүн азык-түлүк, суу жана медициналык каражаттар менен бирге 21 миң тонна чукул жардам жеткирилгени белгиленген билдирүүсүндө  мунун 216 учак катамы, 10 аба түшүрүү, 964 фура жана 2 кеме мененишке ашырылганы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар