Израилдик аскерлер Шифа ооруканасындагы журналисттерди кармап кетти

Өкмөттүн Газадагы басма сөз кеңсесинен жасалган билдирүүдө Израиль армиясынын миңдеген бейтап жана жарадар орун алган Шифа ооруканасына чабуулдарын улантканы белгиленди.

2117012
Израилдик аскерлер Шифа ооруканасындагы журналисттерди кармап кетти

Газа тилкесиндеги өкмөт Израиль аскерлеринин Шифа ооруканасында кызматын өтөп жаткан журналисттер тобун сабап, андан соң кармап, белгисиз жакка алып кеткенин жарыялады.

Өкмөттүн Газадагы басма сөз кеңсесинен жасалган билдирүүдө Израиль армиясынын миңдеген бейтап жана жарадар орун алган Шифа ооруканасына чабуулдарын улантканы белгиленди.

Израиль аскерлеринин ооруканада иштеген басма сөз кызматкерлерине карата ачык мыйзам бузууларын айыптаган билдирүүдө, көздөрүн таңып, колдорун байлап белгисиз жакка алып кетишкен басма сөз өкүлдөрүнүн өмүрлөрүнөн Израилдин жана эл аралык коомчулуктун жооптуу экени баса белгиленди.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, Израиль армиясы кечээ эртең менен рейд жүргүзгөн Газа шаарынын батышындагы Шифа ооруканасында Аль-Жазиранын кабарчысы Исмаил аль-Гул баш болгон көптөгөн журналисттерди катуу сабаган. Израиль аскерлери журналисттерди колу-көздөрү байланган абалда кармап кетишкен.

Катарда жайгашкан Al Jazeera телеканалы да Шифа ооруканасындагы кабарчыларынын бири Израиль аскерлери тарабынан кармалганын ырастады.

Израиль армиясынын күчтөрү кечээ эртең менен Газадагы миңдеген оорулуу, жаралуу жана жер которгондор орун алган Шифа ооруканасына учкучсуз учуучу аппараттар жана оор куралдар менен кол салуусунан каза болгондордун жана жаралангандардын болгону билдирилди.

13-канал телевидениеси Израиль армиясынын Шифа ооруканасын рейд учурунда 80 палестиналыкты кармаганын билдирди.

Израиль камактагы журналисттердин тагдырына байланыштуу билдирүү жасай элек.



Тектеш кабарлар