Евробиримдиктен Египетке каржылык колдоо

Европа Биримдигинин Египет менен мамилеси “стратегиялык өнөктөштүк” деңгээлине көтөрүлөт.

2116709
Евробиримдиктен Египетке каржылык колдоо

Евробиримдик (ЕБ) Европа өлкөлөрүнө барган иммигранттардын санын азайтуу үчүн Египетке 7 миллиард 400 миллион евро бөлөөрүн жарыялады.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен бирге  Италия, Австрия, Греция, Бельгия жана Түштүк Кипрдин лидерлеринен турган делегациянын борбор калаа Каирге иш сапары учурунда жарыяланган келишимдин алкагында, Европа Биримдигинин Египет менен мамилеси “стратегиялык өнөктөштүк” деңгээлине көтөрүлөт.

Тараптардын ортосунда жаңылануучу энергия булактары, соода жана коопсуздук тармактарында кызматташтыгын арттыра турган келишимдин алкагында үч жылдын ичинде Египеттин солкулдаган экономикасына колдоо көрсөтүү үчүн грант, насыя жана каражаттар берилет.

Европа Биримдигинин билдирүүсүнө караганда даярдалган каржылоо пакетинин алкагында Египетке 5 миллиард евро аз пайыздуу насыя берилет, ошондой эле 1,8 миллиард евролук инвестиция салынат.

Мындан тышкары 600 миллион евролук грант берилип, анын 200 миллион евросу миграцияга каршы күрөшкө жумшалат.

Европа Биримдигинин жогорку даражалуу бир өкүлү, Евробиримдиктин каржылоосунун негизги бөлүгүнүн Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен тыгыз кызматташтыкта даярдалганын жана быйыл 1 миллиард евро "макрофинансылык" насыя каржылоосунун камсыздаларын айтты.

Жетекчилердин айтымында, калган 4 миллиард евро болсо Европарламенттин макулдугунан өтүшү керек.



Тектеш кабарлар