Франция Орусиядагы шайлоону айыптады
Франциянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Путиндин президенттик шайлоодогу жеңишине сереп салынды.
Франция Орусиянын президенти Владимир Путиндин так эмес жыйынтыктарга караганда кайрадан жеңишке жетишкен шайлоонун, Орусия тарабынан «убактылуу басып алынган» аймактарда да өткөрүлүшүн айыптады.
Франциянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Путиндин алдын ала жыйынтыктарга караганда 87,29 пайыздык добуш менен президенттик шайлоодогу жеңишине сереп салынды.
Билдирүүдө шайлоонун «жарандык коомго жана оппозицияга кысым күчөгөн чөйрөдө, эркин, плюралисттик жана демократиялуу шарттар камсыз кылынбастан» өткөрүлгөнү баса белгиленди.
Убактылуу орус оккупациясындагы Крым, Севастополь жана Донецк, Луганск, Запорожье менен Херсон аймактарынын бир бөлүгүндө «шайлоолордун» уюштурулушу айыпталып, Франциянын шайлоонун жыйынтыктарын тааныбаганы айтылды.
Билдирүүдө ошондой эле Франциянын Украинанын эгемендигине, көз карандысыздыгына, биримдигине жана аймактык бүтүндүгүнө колдоосу да кайталанды.
Орусиянын 2014-жылы Украинадан аннексиялап алган Крымда, 2022-жылы аннексиялап алган Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье аймактарында президенттик шайлоо үчүн добуш берилди.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.