Захарова Макрондун Украина жөнүндө айткандарын сынга алды

Solovyov Live телеканалына берген билдирүүсүндө Захарова Макрондун Украинага аскерий күчтөрдү жөнөтүү жана ок атышпоо тууралуу билдирүүлөрүн сынга алды.

2116484
Захарова Макрондун Украина жөнүндө айткандарын сынга алды

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Украинага аскерлерин жөнөтүү тууралуу «таң каларлык нерселерди» айтканын айтты.

Solovyov Live телеканалына берген билдирүүсүндө Захарова Макрондун Украинага аскерий күчтөрдү жөнөтүү жана ок атышпоо тууралуу билдирүүлөрүн сынга алды.

Макрондун ар башка мезгилде ар кандай билдирүү жасаганына көңүл бурган Захарова: «Ал ар дайым өзүнө карама-каршы келет, абдан олдоксон сөздөрдү айтат. Биринчиден, ал жаңжал болгон аймакка (Украинага) Евробиримдиктин же НАТОнун айрым өлкөлөрүнүн аскерлерин жөнөтүү жөнүндө айтып жатат, андан кийин ал эч качан мындай ишке барбай турганын айтат. Эми ал Олимпиада оюндары жөнүндө (алар ойноп жатканда Орусияга ок атышууну токтотууну сунуштай турганын) айта баштады»,-деди.

Буга чейин Макрон Украина медиаларына Франция Орусияга Париждеги Олимпиада оюндарына чейин ок атышууну токтотууну сунуштай турганын айткан.



Тектеш кабарлар