Каллас Путиндин НАТО менен согушууга баруудан «коркконун» жактады
Каллас Би-Би-Сиге берген маегинде Путиндин көптөн бери «өзөктүк согуш коркутуусун» кылып жатканын жана муну олуттуу кабыл алуусу керектигин белгиледи.
Эстониянын премьер-министри Кажа Каллас орус президенти Владимир Путиндин НАТО менен согушууга баруудан «коркконун» жактатады.
Каллас Би-Би-Сиге берген маегинде Путиндин көптөн бери «өзөктүк согуш коркутуусун» кылып жатканын жана муну олуттуу кабыл алуусу керектигин белгиледи.
Путиндин «бул коркутуулар менен коомдордо коркуу сезимин пайда кылганын» белгилеген Каллас : «Биз болсо Путиндин эмнеден коркконун ойлонушубуз керек. Негизи НАТО менен согушуудан коркуп жатат»,-деди.
Орус президенти Путин 13-мартта АКШ менен тирешпей турганын, бирок керек болсо аскердик жана техникалык жактан өзөктүк согушка даяр экендиктерин билдирди.
Премьер-министр Каллас 2023-жылдын ноябрындагы билдирүүсүндө НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин мөөнөтү келерки жылы аяктагандан кийин НАТОнун баш катчысы болууга кызыкдар экенин билдирген.
Орусиянын Ички иштер министрлиги 13-февралда Каллас Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине ылайык издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине кошулганын жарыялап, бирок чечимдин себебине байланыштуу билдирүү жасаган жок.
Эстониянын премьер-министри Каллас X социалдык медиа платформасындагы эсебинде билдирүүсүндө, чечимдин таң калыштуу болбогонун белгилеп: «Бул дагы туура кылганымдын бир далили. Евробиримдиктин Украинага күчтүү колдоосу ийгилик жана Орусияга зыянын тийгизүүдө»,-деп өз баасын берди.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.