Россиянын Украинанын Одесса облусуна жасаган ракеталык кол салуусунда  19 киши каза болду

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө  Одессага жасалган ракеталык кол салууга каршылык көрсөттү.

2116152
Россиянын Украинанын Одесса облусуна жасаган ракеталык кол салуусунда  19 киши каза болду

Россиянын Украинанын Одесса облусуна жасаган ракеталык кол салуусунда  19 киши каза болуп, 73 киши жараланды. 

Украинанын башкы прокурору Андрей Костин социалдык медиа эсебинен жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө кечээ Одессага  болгон кол салууда каза болгондордун саны 19га, жаралуулардын саны 73кө жеткенин жарыялады.

Одесса аймактык аскердик башкаруусунун төрагасы Олег Кипер кол салууда каза болгондор үчүн бүгүн Одессада улуттук аза күтүү жарыялангандыгын айтты. 

Украина Президентинин Аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак да социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө кол салуу тууралуу :  «Одессадагы орус террору өз аймагындагы адамдардын коопсуздугуна кепилдик бере албаган бир учурда украиналык жарандар менен согушуп жаткан душмандын алсыздыгынын белгиси",- деди. 

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө  Одессага жасалган ракеталык кол салууга каршылык көрсөттү.

Окуяны жийиркеничтүү кол салуу деп мүнөздөгөн Зеленский эки ракетанын атылганын, экинчи ракетанын кол салуу болгон жерге келген куткаруучулар менен медицина кызматкерлерине тийгенин, кээ бир кызматкерлердин  каза болгонун жана жаралангандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар