Израиль армиясы түнү менен Газа тилкесине кол салды

Кол салууда кеминде 80 палестиналык каза болду.

2116136
Израиль армиясы түнү менен Газа тилкесине кол салды

Израиль армиясынын Газа тилкесинде түнү бою жасаган кол салууларында кеминде 80 палестиналык каза болду.

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израиль Газа тилкесинин ар кайсы жерлерине, өзгөчө Нусайрат качкындар лагерине жана Газа шаарына карай чабуулдарын улантты.

Израиль армиясынын Газа тилкесинин ар кайсы жерлеринде жарандарды жана  үйлөрдү  бутага алган кол салууларында кеминде 80 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши жараланды, көп сандаган киши урандылардын астында калды.

Израиль армиясы 7 - октябрдан бери кол салууларын улантып, жер которгон палестиналыктар баш калкалаган жарандык конуштарды, ооруканаларды, мектептерди жана баш калкалоочу жайларды бутага алууда, болжол менен 2,3 миллион калктуу Газа тилкесинде чоң гуманитардык апаат болууда. 

Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде 13 миң 500ү бала, 9 миңи аял болгон 31 миң 490 палестиналык каза болуп, 73 миң 439 киши жараланды.

Урандылардын астында дагы миңдеген сөөктүн бар экендиги маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар