Песковдон Макронго жооп

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Франция Украинадагы кагылышууга барган сайын көбүрөөк сүйрөлүүдө»,-деди.

2116086
Песковдон Макронго жооп

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Украинага байланыштуу сөздөрүнө Орусия жооп кайтарды.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Франция Украинадагы кагылышууга барган сайын көбүрөөк сүйрөлүүдө»,-деди.

Өткөн айда НАТО аскерлеринин Украинага жайгаштырылышын сунуштаган Макрон кечээ да: «Украинадагы согушта Орусиянын жеңип чыгышына жол бербөөгө даярбыз»,- деген.

Макрон Франциянын Украинага аскерлерин жибериши мүмкүн экенин билдирди.

Макрондун бул сөздөрүнө Москвадан дароо жооп кайтарылды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Франция ансыз деле кыйыр түрдө бул согуштун ичинде...» деди.

Макрон башкаруучулугунун согушка көбүрөөк сүйрөлгөнүн ишарат кылганын белгилеген Песков, Франциянын Орусияны «душман» катары көргөнүнө көңүл бурду.



Тектеш кабарлар