Палестинанын жаңы премьер-министри
Палестинанын мамлекет башчысы Аббас 26-февралда мурдагы премьер-министр Мухаммед Штайенин өкмөтүнүн отставкасын кабыл алган.
2115666
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, мурдагы вице-премьерлердин бири жана Палестина инвестициялык фондунун төрагасы Мухаммед Мустафаны жаңы премьер-министр кылып дайындады.
19-өкмөттүн премьер-министри болуп дайындалган Мустафа, Палестина инвестиция фонду баш болгон Дүйнөлүк банк жана Палестина башкаруусуна караштуу мекемелерде ар түрдүү кызматтарды аркалаган ысым катары өзгөчөлөнүүдө.
Палестинанын мамлекет башчысы Аббас, мурдагы премьер-министр Мухаммед Штайенин өкмөтүнүн отставкасын 26-февралда кабыл алган.