Остин менен Кихара телефон аркылуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын  коргоо министри Ллойд Остин Япониянын коргоо министри Кихара Минору менен «CV-22 Osprey» үлгүсүндөгү аскердик транспорттук учактардын аткарган иштери тууралуу  телефон аркылуу сүйлөштү.

2115345
Остин менен Кихара телефон аркылуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын  коргоо министри Ллойд Остин Япониянын коргоо министри Кихара Минору менен «CV-22 Osprey» үлгүсүндөгү аскердик транспорттук учактардын аткарган иштери тууралуу  телефон аркылуу сүйлөштү.

АКШнын коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Остин менен Кихара телефон аркылуу "CV-22 Osprey" моделиндеги аскердик жүк ташуучу учактарынын кайрадан уча башташы тууралуу эки өлкөнүн ортосундагы координациядан ыраазы экендерин билдиришти. 

Остин Япониядагы V-22 Osprey учактары колдонууга даярданып жатканда АКШ аскерлеринин жана япон коомчулугунун коопсуздугунун министрлик үчүн "абдан маанилүү приоритет" болууну уланткандыгын айтты. 

Эки тарап АКШ менен Япониянын ортосундагы коргонуу тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө чечкиндүү экендиктерин баса белгилешти.

Остин жакын арада кесиптеши менен бетме-бет жолугушууну күтүп жаткандыгын билдирди.

Токионун батышындагы Йокота авиабазасында иштеген жана ичинде 8 киши болгон АКШнын Аскердик аба күчтөрүнө таандык "CV-22 Osprey" жүк ташуучу учак  2023-жылдын 29-ноябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.40 чамасында өлкөнүн түштүгүндөгү Якушима аралында кырсыкка учураган.

Япониянын коргоо министри Кихара кырсыктан кийинки билдирүүсүндө АКШга бул аба унааларынын коопсуздугун аныктоогө чакыруу салган. 

Япониянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта  "CV-22 Osprey" моделиндеги жүк ташуучу учактардын азырынча жерде кармалары билдирилген. 

 



Тектеш кабарлар