Орус диссидент Алексей Навальныйдын орун басары Леонид Волковго балка менен кол салуу болду

Бул тууралуу фонддун басма сөз катчысы Кира Ярмыш X социалдык тармагынан билдирди.

2114997
Орус диссидент Алексей Навальныйдын орун басары Леонид Волковго балка менен кол салуу болду

Литванын борбору Вильнюста Коррупцияга каршы фонддун жетекчилеринин бири, өткөн айда түрмөдө каза болгон орус диссидент Алексей Навальныйдын орун басары Леонид Волковго балка менен кол салуу болду.

Бул тууралуу фонддун басма сөз катчысы Кира Ярмыш X социалдык тармагынан билдирди.

Ярмыш : «Волков үйүнүн алдында кол салууга учурады. Бирөө унаасынын айнегин  сындырып, ичкери көздөн жаш агызуучу газ чачып, андан кийин Леонидди балка менен чапкан», — деп жазды.  Диссидент жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилди жана  жаракаттары коркунучтуу эмес.  

Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис окуяны "үрөй учуруучу" деп сыпаттады жана кылмышкерлердин  жасагандарынын жазасын тарта тургандыгын айтты. Литва полициясы окуя боюнча иликтөө иштерин баштады. Волковдун үйү коргоого алынды.

Февраль айынын ортосунда Россия Федерациясында абакта каза болгон Алексей Навальныйдын саясий командасынын көптөгөн мүчөлөрү Европа Биримдиги менен НАТОго мүчө өлкөлөрдө жашашууда. Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Россия тарабынан экстремисттик уюм деп табылып, уюмга кошулуу Россияда узак мөөнөткө камоо менен жазаланууда.



Тектеш кабарлар