Хамас эл аралык сунуш жөнүндөгү кабарды төгүндөдү
Хамас жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Хамас Израилдин чабуулуна жана блокадасына кабылган Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча эл аралык сунушту алышкан деген айтымдарды четке какты.
Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, айтылган сөздрдүн чындыкты чагылдырбагандыгы белгиленип: «Аль Арабия гезитинин Хамастын жогорку даражалуу өкүлүнө таянып, Газада ок атышпоонун узартылышы жана жер которгон адамдардын акырындык менен кайтып келиши боюнча Хамастын эл аралык сунушту алганы тууралуу кабар негизсиз. Ошондой эле кеңири талкуулоо үчүн Каирге делегация барат деген маалымат да чындыкка дал келбейт»,- деди.
Израилдин уланып жаткан кол салууларында «нацисттик геноцидге дуушар болгон» Палестина элинин сезимдери менен ойнобоого чакырык салынган билдирүүдө, маалымат каражаттарынан да туура жана ишенимдүү кабарларды жарыялоосу талап кылынды.