Испаниядан Израилге аскердик техника сатуу

Тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарестин “7-октябрдан бери Израилге курал сатуу болгон жок” деп бир нече жолу билдиргенине карабастан декабрь айында Израилдеги бир курал-жарак компаниясына Испаниядан аскердик жүк жөнөтүлгөндүгү ачыкка чыкты.

2114932
Испаниядан Израилге аскердик техника сатуу

Испанияда өкмөттүн эмбаргосуна карабастан Израилге аскердик техника сатуу уланууда.

Тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарестин “7-октябрдан бери Израилге курал сатуу болгон жок” деп бир нече жолу билдиргенине карабастан декабрь айында Израилдеги бир курал-жарак компаниясына Испаниядан аскердик техника жөнөтүлгөндүгү ачыкка чыкты.

El Diario гезити, дүйнөдө тынчтык үчүн иштеген Делас борборунун изилдөөчүсү Алехандро Позонун отчетуна шилтеме жасап, расмий тышкы соода статистикасында декабрь айында Тель-Авивге коргонуу материалдарынын экспорттолгондугун билдирди.

Ал эми Соода боюнча мамлекеттик катчылыгы "7-октябрга чейин уруксат берилген лицензиянын алкагында жөнөтүлгөнүн" кабарлады.

El Diario гезити болсо: «Экспортко уруксаттын берилиши анын жокко чыгарылышына тоскоол эмес. Коргоонуу техникасынын соодасын көзөмөлдөө боюнча жободо белгиленгендей, техниканын тынчтыкты бузуп чыңалууну күчөтө турган иш-аракеттерде колдонулушу мүмкүн деген жүйөлүү белгилер табылса уруксаттар жокко чыгарылышы мүмкүн», - деп эске салды.

Изилдөөчү Позо да отчетунда Испаниядагы коалициялык азчылыктын тышкы иштер министри Альбарестин: «Израилдин Газага кол салуулары башталган 7-октябрдан бери Израиль менен аскердик техника сатып алуу жана сатуу болгон жок" деген сөздөрүнүн чындыкка дал келбегенин айтып, «Өкмөт эмбарго жарыялаганына карабастан Испания согушта колдонулган өнүмдөрүн жарнамалаган израилдик фирмалар менен кызматташуусун жана соодасын улантууда»,-деди.



Тектеш кабарлар