Япониялыктар "Оппенгеймер" тасмасына каршылык көрсөтүүдө

Японияда эл  78 жыл мурда шаарларын жер менен бир кылган атомдук бомбаны чыгаруу жарышын баяндаган "Оппенгеймер" тасмасына  Оскар мыкты тасма сыйлыгынын берилишине каршы чыкты.

2115022
Япониялыктар  "Оппенгеймер" тасмасына каршылык көрсөтүүдө

Японияда эл  78 жыл мурда шаарларын жер менен бир кылган атомдук бомба чыгаруу жарышын баяндаган "Оппенгеймер" тасмасына  Оскар мыкты тасма сыйлыгынын берилишине каршы чыкты.

Физик Ж. Роберт Оппенгеймердин өмүрү тууралуу баяндаган тасма дүйнө жүзү боюнча 954 миллион доллар киреше алып, дем алыш күндөрү Америка Кошмо Штаттарынын Академиялык сыйлыктарын тапшыруу аземинде 7 Оскар алды.

Бирок тасма Экинчи дүйнөлүк согушунун акырларына карай АКШнын Хиросима менен Нагасакиге кол салуусу менен  өзөктүк бомба менен бомбаланган бир гана өлкө болгон Японияда көрсөтүлдү.

Бир  группа илимпоздун атом бомбасын долбоорлоо процессинен сөз кылган тасма июль айында бир топ өлкөдө көрсөтүүгө кирип жатып Японияда болсо бул айдын акырында  көрүүчүлөр менен жолугушат.

Япондор болсо  78 жыл мурда шаарларын жок кылган атом бомбасын чыгаруу процессин баяндаган "Оппенгеймер" тасмасынын сыйлык алышына каршылык көрсөттү.

13 номинацияда көрсөтүлгөн тасманын режиссеру Кристофер Нолан биринчи жолу Оскар сыйлыгын алып «Эң мыкты режиссёр» сыйлыгы менен чоң ийгиликке жетишти.

Тасмада Оппенхаймердин ролун аткарган ирландиялык актёр Силиан Мерфи "Мыкты эркек актер»  сыйлыгы менен кубанды.

Оппенхаймердеги ролу менен көңүлдөрдү бурган  жана  "Iron Man" образы менен атактуу болгон Роберт Дауни болсо биринчи Оскарына  «Мыкты жардамчы эркек актер» сыйлыгы менен жеткен.

 



Тектеш кабарлар