Google Орусияда айыпка жыгылды
Google компаниясына каршы козголгон иш борбор калаа Москвада каралды.
2114955
Орусияда Google YouTube сайтындагы айрым контентке кирүүгө тыюу салбаганы үчүн 4 миллион рубль (болжол менен 44 миң доллар) айыпка жыгылды.
Google компаниясына каршы козголгон иш борбор калаа Москвада каралды.
YouTube сайтындагы айрым тыюу салынган контентке кирүүгө бөгөт коюлбагандыктан мыйзам сакталбай калганын белгилеген сот, Google компаниясын 4 миллион рубль айып пул төлөөгө милдеттендирди.
Google буга чейин да ушул сыяктуу себептерден улам айыпка жыгылган.
Компаниянын Орусиядагы туундусу да каржылык милдеттенмелерин аткара албагандыгы себеби менен 2022-жылы банкроттук процессин баштаган.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 34 миң 454кө жетти
Газада Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.