Орусия менен Украинанын ортосундагы кагылышуулар

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын түн ичинде 25 учкучсуз учуучу аппарат менен Орусиянын аймагына кол салууга аракет кылганын кабарлады.

2114281
Орусия менен Украинанын ортосундагы кагылышуулар

Орусия менен Украинанын ортосундагы кагылышуулар ​​уланып жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын түн ичинде 25 учкучсуз учуучу аппарат менен Орусиянын аймагына кол салууга аракет кылганын кабарлады.  

Министрликтин билдирүүсүндө: «Бүгүн түнү Киев режиминин Орусия Федерациясынын аймагындагы буталарга каршы 25 учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппаратты колдонуу менен террордук чабуул жасоо аракети токтотулду», деп айтылды.

Билдирүүдө Орусиянын абадан коргонуу системаларынын кол салууларга бөгөт болгону, Москва облусунда 2, Ленинград облусунда 1, Белгород облусунда 7, Курск облусунда 11, Брянск облусунда 1, Тула областында 1, Орел областында 2 учкучсуз аппараттын жок кылынганы белгиленди.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергенден кийин Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевди НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылганын айткан.



Тектеш кабарлар