"Таймс" аянтында таравих намазы

АКШда жашаган миллиондогон мусулмандар Рамазан айынын башталышы менен таравих намазы үчүн өз аймактарындагы мечиттерге агылды.

2113539
"Таймс" аянтында таравих намазы
times ramazan teravih.jpg

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) эң чоң шаары Нью-Йорктун символдорунун бири Таймс аянтына чогулган мусулмандар Рамазан айынын алгачкы таравих намазын окушту.

АКШда жашаган миллиондогон мусулмандар Рамазан айынын башталышы менен таравих намазы үчүн өз аймактарындагы мечиттерге агылды.

Нью-Йорктун эң маанилүү символдорунун бири Таймс аянтына чогулган миңдеген мусулман Рамазан айынын алгачкы таравих намазын чогуу окушту. Намаздан кийин Газа үчүн да дуба кылынды.

Борбор шаар Вашингтондон жарым сааттык алыстыкта ​​жайгашкан Америка Диний борборунда да Рамазан айынын алгачкы таравих намазы окулду. Көптөгөн эл чогулган биринчи таравихте мечиттин сырткы короосу жана алды да жамаатка толду.

Намаздан кийин өзгөчө Израилдин кол салууларына кабылган Газа тилкесиндеги бардык мусулмандар үчүн дуба кылынды.



Тектеш кабарлар