Израилдин Газага кол салууларына дүйнө жүзүндө каршы чыгуулар болуп жатат

Бириккен Улуттар Уюмунун чукул жардам координатору Мартин Гриффитс социалдык медиа эсебинен Газадагы кыргындарга байланыштуу билдирүү жасады.

2112866
Израилдин Газага кол салууларына дүйнө жүзүндө каршы чыгуулар болуп жатат

Израилдин 7-октябрдан бери уланткан Газага кол салууларына каршы чыгуулар болуп жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун чукул жардам координатору Мартин Гриффитс социалдык медиа эсебинен Газадагы кыргындарга байланыштуу билдирүү жасады.

Гриффитс Газада балдардын ачкачылыктан өлүп жатканын жана жарым миллиондон ашуун кишинин ачарчылыктын босогосунда турганын белгиледи.

Гриффитс Израиль бийлигинин февраль айында 224 жардам миссиясынын жарымына гана уруксат бергенин эске салып, күчөгөн мыйзамсыздыктын жардамдын бөлүштүрүлүшүнө тоскоол болгонуна көңүл бурду.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок да Газадагы азап күн сайын коркунучтуу болуп жатканын белгиледи.

Баербок өлкөсүнө келген англиялык кесиптеши Дэвид Кэмерон менен борбор калаа Берлинде биргелешкен маалымат жыйынында Газадагы абалдын мындан ары сөз менен билдирилбей турганын айтты.

Немис министри Израилден Газага жардам жеткирүү үчүн дагы көп чек ара дарбазаларын ачууну суранды.

Англиянын Лондон мэри Садык Хан да Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесине (TRT) жасаган билдирүүсүндө Газада ок атышууну токтотууга чакырды.

Садык Хан: «Палестинада оккупацияга каршы биз ондогон жылдардан бери өнөктүк жүргүзүп келебиз. Газада көргөндөр жүрөгүбүздү оорутат. 30 миңден ашуун адам набыт болду. Биздин дубабыз жана жардамыбыз Рамазан айы бою алар менен бирге. Газа оккупацияны тез арада токтотуу керек»,-деди.



Тектеш кабарлар