Палестинанын делегациясы БУУга барып абалды түшүндүрдү

Палестинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Рияд Мансурдун жетекчилигиндеги 10 кишилик палестин делегациясы расмий өкүлдөр менен күбө катары жолугушту.

2112251
Палестинанын делегациясы БУУга барып абалды түшүндүрдү

Израилдин Газага кол салууларында жакындарын жоготкондор башынан өткөргөндөрүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрүнө жеткиришти.

Палестинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Рияд Мансурдун жетекчилигиндеги 10 кишилик палестин делегациясы расмий өкүлдөр менен күбө катары жолугушту.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушкан делегация, Газадагы окуяларды түшүндүрдү.

Аймакта иштеген дарыгер Имад Тамини Газадагы абалдын медиада көрүнгөндөн алда канча коркунучтуу экенин баса белгиледи.

Дарыгер Имад Тамини: «Сиз эмне болгонун телевизордон угуп жатасыз. Мен ал жерде 13 күн болдум, эмне болгонун өз көзүм менен көрдүм. Күн сайын бомбалоонун үндөрүн уктук. Бейтаптар күнүгө тез жардам бөлүмүнө келип жатышты. Көптөгөн бейтаптарды жоготтук. Бул мага психологиялык жана адамдык жактан таасир этти. Бул менин жашоомдо көргөн эң коркунучтуу жана үрөйдү учурган окуя болду»,-деди.

Жыйында сөз сүйлөгөн АКШнын Техас штатынан келген палестиналык дарыгер Ролал Фаррах да Газада кылымдар бою жашаган чоң үй-бүлөгө ээ болгонун жана Израилдин кол салууларында көптөгөн үй-бүлө мүчөлөрүн жоготконун айтты.

Дарыгер Фаррах: «Менин үй-бүлөмдүн 150дөн ашуун мүчөсү Израилдин Газага жасаган чабуулдары учурунда же аткылоодон, Израилдин снайпердик атууларынан же гуманитардык жардамды жеткирүүдөн аёосуз баш тартуусунан каза болушту»,-деп айтты.

Палестинанын делегациясы Газада ок атышууну биротоло токтотууга чакырды.

Израиль 7-октябрдан бери элди ачка жана суусуз калтырган блокададагы Газа тилкесиндеги кол салууларда каза болгондордун саны кечээ 30 миң 717ге жетти.



Тектеш кабарлар