Ливан: "Израиль фосфор бомбалары менен зайтун дарактарын өрттөдү"

Хасан борбор шаар Бейруттагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) имаратында сүйлөгөн сөзүндө: «Ливандын түштүгү күн сайын эл аралык деңгээлде тыюу салынган ак фосфор бомбалары менен бомбаланып жатат»,-деди.

2112080
Ливан: "Израиль фосфор бомбалары менен зайтун дарактарын өрттөдү"

Ливандын айыл чарба министри Аббас ал-Хаж Хасан Израилдин «тыюу салынган фосфор бомбалары менен күн сайын жасаган кол салууларынын» натыйжасында 60 миңден ашуун зайтун дарагынын өрттөлгөнүн айтты.

Хасан борбор шаар Бейруттагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) имаратында сүйлөгөн сөзүндө: «Ливандын түштүгү күн сайын эл аралык деңгээлде тыюу салынган ак фосфор бомбалары менен бомбаланып жатат»,-деди.  

Бомбалоолордон 657ден ашуун өрт чыкканын билдирген Хасан, 6 миң актрдан ашуун токой жана айыл чарба жеринин зыянга учурагандыгын баса белгиледи.

Айыл чарба министри Хасан: «Израиль кол салууларында 60 миңден ашуун картайган зайтун дарагы күйүп, 2 миң акрдан ашуун жер толугу менен жок кылынды»,-деди.

Хасан Израилдин Газа жана Түштүк Ливанга 6 айдан бери улантып жаткан кол салууларын да айыптады.

Газа жана Ливандын түштүгүндөгү элдин Израилдин мыкаачылыгы жана кылмыштарынан азап чегип жатканын белгилеген Хасан, Израилдин эл аралык мыйзамдар жана келишимдер менен бирге эч нерсени ойлобостон күн сайын балдарга, аялдарга жана карыларга кол салуусун улантып жатканын кошумчалады.

Израилдин Газа тилкесинде 7-октябрдан берки кол салууларында каза болгондордун саны 30 миңден ашты.



Тектеш кабарлар